Эльвира Сариева Кыргызстан менен Тажикстандын кызматташтыгы жакшырып жатканын айтты

Бүгүн, 10-июнда вице-премьер-министр Эльвира Сариева эл аралык уюмдардын жана университеттердин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда өкмөт мүчөсү: "Көптөгөн кыргызстандык жана эл аралык уюмдар Борбордук Азия өлкөлөрү менен социалдык-гуманитардык маселелер боюнча кызматташууну кеңейтүүдө чоң жетишкендикке ээ. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча комплекстүү программа иштеп чыгуу үчүн күчүбүздү бириктиришибиз зарыл",- деп билдирди. 
Сариева эки өлкөнүн достук мамилесин белгиледи. "Биз Тажикстандын вице-премьер-министри Мархабо Жаббарова менен социалдык тармакта кызматташтык боюнча сүйлөшүү жүргүздүк. Жакында билим берүү, маданият, спорт, жаштар жана аялдар темасын камтыган иш-чаралардын планын талкуулайбыз",- деди Сариева. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан