Жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди көрсөтүү укугун партияларга гана ыйгаруу сунушталууда

Бүгүн, 10-июнда парламенттеги Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде жергиликтүү өкүлчүлүк органдарына шайлоо мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды четтетүүгө багытталган "КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Демилгечилердин айтымында, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүү, ошондой эле аларды дагы башка мыйзамдардын жоболоруна ылайыкташтыруу зарылдыгы пайда болууда. Ошондуктан "шайлоочулардын тобу" деген түшүнүк алынып салынып, жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди көрсөтүү укугун саясий партияларга гана ыйгаруу демилгеси көтөрүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан