Кыргызстандын жарандарында телеканал же радиону тандоо мүмкүнчүлүгү болуш керек. Муну бүгүн, 10-июнда вице-премьер-министр Эльвира Сариева айтканын өкмөттөн билдиришти. Айта кетсек, өкмөт мүчөсү Кыргызстанды санариптик телеберүүгө өткөрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. “Социалдык пакеттин алкагында көрсөтүлүүчү телерадиокомпаниялар тийиштүү контенттик толтурууга ээ болушу керек. Сөз жаңылык берүү, даректүү тасмалар, балдар, маданий жана таанып-билүү көрсөтүүлөрү жөнүндө болуп жатат”,- дейт Сариева.