Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Нан унун байытуу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, 2-окууда колдоого ээ болду.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Дамира Ниязалиева баяндама жасады. Мыйзам долбоорунун максаты - калкты байытылган унга жетишин кеңейтүү жана байытылган унду өндүрүүгө, өлкөгө алып келүүгө жана сатып өткөрүлүшүнө көзөмөлдүү күчөтүү. Мындай талаптар сакталбаган учурларда административдик жоопкерчиликке тартуу чаралары киргизилүүдө. Ниязалиеванын айтымында, мыйзам долбоору өзгөчө аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн сунушталууда.