Кыргызстанда 2106 мамлекеттик кызматкер 2013-жылкы кирешеси тууралуу декларация тапшырды

Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин көчмө жыйынында бүгүн, 10-июнда 2013-жыл үчүн мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери жана мүлкүн декларациялоонун жыйынтыгы талкууланды.

"Декларацияны чогултуу - башталган процесстин бир гана бөлүгү. Анын старт алгандыгына 10 жылдай болуп калды. Алдыда декларация тапшыруунун электрондук вариантын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү да жаралат",- деди Мамлекеттик кадр кызматынын директору Аалы Карашев.

Айтымында, 2014-жылдын 30-майына карата 2106 декларация тапшырылган, ал жалпы кызмат адамдарынын 97,5 пайызын түзөт. Мунун ичинде учурда иштеп жаткан кызматкерлер да, иштен бошогондору да бар. Мыйзам боюнча мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, кийин жумуштан кетип калган адистер болсо, алар кызматынан кетсе дагы 2 жыл бою тапкан кирешелери тууралуу маалыматтарды камтыган декларация тапшырып турушу керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан