Маалыматка ылайык, тренингге Ысык-Көл облусунун судьялары, прокурорлору, жактоочулары, Ички иштер министрлигинин жана Ысык-Көл облусунун социалдык ɵнүктүрүү аймактык башкармалыктарынын 30га жакын кызматкерлери катышууда.
Ал эми иш-чаранын тренерлери болуп Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча орун басары Аида Рыскулова, “Укук борбору” коомдук фондунун юристи Айжан Кадырова, Чүй облустук прокуратурасынын бɵлүм башчысы Улан Шаршеев, КРнын ИИМ академиясынын окутуучусу Рашид Жумагулов дайындалды.
Тренингдин программасы боюнча төмөнкү маселелер каралууда:
- Ювеналдык юстиция тармагындагы эл аралык стандарттар;
- Ювеналдык юстиция тармагындагы прокуратуранын ишмердигинин ɵзгɵчɵлүктɵрү;
- Жашы жетпеген соттолуучуга карата жазык ишин кароо ɵзгɵчɵлүктɵрү;
- Ювеналдык юстициядагы адвокаттык ишмердиктин ɵзгɵчɵлүктɵрү;
- Ювеналдык юстициясынын социалдык ɵңүттɵрү.