Депутаттар мамлекеттик кызматкер декларациясына банктык эсептерин да жазышы керектигин айтышты

Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик кызматкер декларациясына кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн гана эмес, банктык эсептерин да жазышы керектигин айтышууда. Муну Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитетинин 10-июндагы көчмө жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева айтты. Депутат "Мамлекеттик кызматкерлер кыймылсыз мүлктөрдү жана унааларды алууда канча жылдап чогулткан каражатын пайдаланышабы же дагы башка коомчулук билбеген сырлары барбы?" деген суроону иликтеп чыгуу зарыл деп эсептейт. 
Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчисинин орун басары Олег Тарбинскийдин билдиришинче, 2012-жылдын декабрь айында саясий кызматтагы адамдарынын декларацияда көрсөтүлгөн кирешелери тууралуу маалыматтарды текшерүү механизмдери иштелип чыккан. Бирок коммерциялык жана банк иштериндеги купуялуулуктун сакталышы боюнча мыйзамдар бул жагдайда текшерүүлөрдүн тегиз жүрүшүнө тоскоолдук кылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан