Өкмөтүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаковдун демилгеси жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Ош шаарындагы жергиликтүү бюросунун колдоосу менен Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аялдардын демилгелүү тобунун биринчи жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда “Энсан Диамонд” коомдук бирикмеси жана Ак-Сай айыл өкмөтүнүн лидер аялдары “Гендердик теңдикти жана Кыргызстанда чыр-чатактарды алдын алуучулар катары аялдардын дареметин чыңдоо” долбоору боюнча талкуу өткөрүштү.
Аялдардын демилгелүү топторунун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары – ар түрдүү улуттар арасында ишенимди бекемдөө жана тынчтыкты, достукту чыңдоо боюнча иш-чаралар, гендердик зомбулуктан аялдарды коргоо, үй-бүлө көйгөйлөрүн чечүүдө жардам берүү, калктын социалдык жактан аялуу катмарынын укуктарын коргоо боюнча жардам көрсөтүү, анын ичинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жалгыз бой оорулуу адамдарга жана кароосуз калган улгайган адамдарга жардам көрсөтүү, моралдык-психологиялык жактан колдоо жана медициналык жардам көрсөтүү, жетилип бараткан муунду туура тарбиялоо боюнча билим берүү мекемелери менен иш алып баруу жана коомчулукта түрдүү тематикадагы маалымат агартуу иш-чараларын жана акцияларын уюштуруу жана башка иш-чараларды өткөрүү.
КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы облустук гендердик саясат жана жаңы муун секторунун башчысы Жумагүл Сатыбалдиева аялдардын демилгелүү топторунун өз ишмердигин материалдык пайда алуудан көз карандысыз жүргүзөт. Эркин, билимдүү жана социалдык жигердүү адамдар гана коомдо туруктуулук, жарандык жоопкерчилик жана экономикалык ишенимдүүлүк чөйрөсүн курат жана өнүктүрө алат. Азыркы учурда аялдардын демилгелүү топторунун жигердүү жана кадыр-барктуу аялдардан турган кеңири тармак, алар демократиялык кайра курууда жана аялдарга карата зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүүдө жигердүү катышууда деп белгилеп кетти.