Асылбек Жээнбеков жол тосууга нааразы болуп Оштон келгендер менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 10-июнда Ош облусунун райондорунун атынан келген демилгечи топту кабыл алды. Жолугушууда 27-майынан бери тосулуп турган Ош - Эркеч-Там унаа жолуна байланышкан маселе талкууланды.

Демилгечи топтун өкүлү Дарияхан Шабданова жолдун буулушу карапайым калкка гана кесепетин тийгизип жатканын айтат. Анын билдиришинче, 7 адам өздөрү демилге көтөрүп, жолду бөгөп турган жарандар менен бийликтин ортосуна сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү келишкен. "Бул элге гана зыянын тийгизүүдө. Карапайым жарандар кайсы бир саясатчылардын куралына айланып, бейкүнөө жерден жапа чегип калышпасын дейбиз. Бүгүнкү күндө бизге тынчтык гана керек. Ош - Эркеч-Там жолун ачып берүүгө көмөктөшүүңүздү өтүнөбүз",- дейт Шабданова. Маалыматты ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады. 

Дагы бир тургун Жоошбек Пазылбеков Ош - Эркеч-Там унаа жолунун тосулушу абактагы депутат Ахматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө арналганы менен, түпкүлүгүндө мунун максаты кандайдыр бир күчтөрдүн элибизди кайраштырууга багытталганы байкалганын айтты.  

Буларга төрага Асылбек Жээнбеков төмөнкүчө жооп узатты:

"Учурда бардык тармактарда реформалар жүрүп жатат. Биздин башкы максатыбыз – нагыз энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү, экономикасы өнүккөн, элибиз бардарчылыкта жашаган мамлекетти куруу. Мындай жаркын келечекке багытталган иштерди жүзөгө ашырып, ийгиликке жетүү үчүн туруктуулук, ынтымак, биримдик абдан зарыл. Ал эми Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактоо – ар бирибиздин милдетибиз".

Жээнбеков кандайдыр бир талап коюу менен бирге мыйзамдуулуктун да сакталышы керектигин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан