Тармактык комитетте Дүйнөлүк банктын энергетикалык долбоорлору боюнча маалыматы угулду

Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинде Кыргызстандагы энергетика тармагындагы долбоорлору боюнча Дүйнөлүк банктын маалыматы угулду. 

Маалыматка ылайык, ушу тапта Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинде Кыргызстандагы электр кубаты менен камсыздоо, тармактын каржылык абалы, башкаруу тутуму иликтенип, алардын чечилиши боюнча долбоор сунушталып жатканы айтылды. Долбоорго ылайык, “Түндүк электр” ишканасынын абоненттериндеги электр кубатын пайдалануудагы жоготууларды азайтуу максатында 25 миллион доллар (45 пайызы грант, 55 пайызы насыя) каражат алуу жагы каралууда.

Жыйында депутаттар долбоорду каржылоодо кандайдыр бир талаптардын коюлуп-коюлбашы, консультациялык иш-чараларга бөлүнүүчү каражаттар, көйгөйлөрдү чечүүдө каралган мекеменин тандалышы сыяктуу маселелерди такташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан