Ош шаарында муниципалдык ишкананын жооптуу адамы “иштебеген кызматкер үчүн айлык алып турган” деп шектелүүдө

Ош шаарындагы “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын жооптуу адамы “иштебеген кызматкер үчүн айлык алып турган” деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 10-июнда маалымдады.

Белгилүү болгондой, “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын “Сулайман-Тоо” тилкесинин башчысы А.Б. жумушта иштебеген жалган кызматкер үчүн ай сайын айлык маяна алып турган.

Аталган факт боюнча, Ош облустук прокуратурасы тарабынан “кызматтык жасалмачылык” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aida2013
2014-06-10 18:13:46
иииии эми эмне дейбиз ар бир жаран мыйзам алдында жооп берууго милдеттуу кылган куноосу учун ..
0
kg.555
2014-06-11 11:35:42
"Арам акча Аш болбойт".
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан