Депутат Каныбек Осмоналиев пауэрлифтинг боюнча дүйнөлүк мелдештин жеңүүчүлөрүн куттуктады

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев бүгүн, 10-июнда пауэрлифтинг боюнча дүйнөлүк мелдеште жеңишке жетишкен кыргызстандык спортчулар менен жолугушту. Жолугушууга КРнын Пауэрлифтинг федерациясынын президенти Бакыт Керимбеков, вице-президенттери Алымбек Рахимов менен Хан Тихон катышты.

Керимбековдун айтымында, ушул жылдын 1-8-июнь күндөрүндө Түштүк Африка өлкөсүндө өткөн классикалык пауэрлифтинг боюнча дүйнөлүк мелдеште 20 жаштагы Акжол Алымбек уулу алтын медалды утту. Анын 22 жаштагы агасы Азамат экинчи орунду ээлеп, күмүш медалдын ээси болду. Ошондой эле 18 жаштагы Акжолтой Раматов Данияда штанганы жатып түртүү боюнча өткөн Дүйнө чемпиондугуна катышып, коло медалды утуп алды.

Каныбек Осмоналиев Жогорку Кеңештин төрагасынын жана жеке өзүнүн атынан жеңүүчүлөрдү куттуктап, федерация мүчөлөрүнө спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык айтты.

“Спорттун жеке түрү – татаал, анткени командалык спорттун түрүнөн айырмаланып, мында бир гана өз күчүң менен ыкмаңа ишенишиң керек. Азыркы тапта парламент ата мекендик спортту өнүктүрүү максатында ченемдик-укуктук актыларды өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп жатат”,- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан