Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 17:00гө чейин борбордогу Каспийская, Күрөңкеев, Ала-Арчинская, Чимкентская, Араванская, Панфилов көчөлөрүндө, Көк-Жар конушундагы Босого, Көк-Жайык, Арстанбап көчөлөрүндө, Ак-Ордо конушундагы Алыкулов, Арабаев, Гагарин көчөлөрүндө, ошондой эле Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айылындагы Шопоков, Жаш Гвардия, Киев, Крупская, МТФ көчөлөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.