"Парламент менен өкмөттүн кийинки кадамы – мамлекеттик органдардын баарында кескин реформаларды жасоо" деди Асылбек Жээнбеков

"Парламент менен өкмөттүн кийинки кадамы – мамлекеттик органдардын баарында кескин реформаларды жүргүзүү",- деп билдирди Асылбек Жээнбеков. Жогорку Кеңештин төрагасы муну 10-июнда GOPAC уюмунун аткаруучу директору Акааш Махаражи менен жолугушканда айтты. 
Спикер Кыргызстан жетекчилигинин саясий эркинен улам акыркы жылдары өлкөдө коррупция менен күрөшүүдө ийгиликтер жаралып жатканын айтып, "коррупциянын тамырын кыркуу - башкы милдет" деди ал. 
Махаражи Кыргызстанга өлкөдөн мыйзамсыз жолдор менен чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу, Кыргызстандын мурдагы коррупциялашкан бийлигинин жеке кызыкчылыгы үчүн мамлекетке зыян алып келген айрым эл аралык келишимдерди кайра кароо жаатында көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. "Биздин уюм БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу башатында турган. Активдерди кайтарып алуу конвенциянын өзөгүндө турат, ошондуктан биз бул маселеге өзгөчө көңүл бурабыз",- деди өкүл.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан