"Саясатчылардын кимиси бай да, кимиси кедей экенин электен өткөрүү туура эмес" дейт депутат Алтыбаева

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева бүгүн, 10-июнда "Парламент" радиосундагы түз байланышта мамлекеттик кызматкерлердин тапшырган декларациялары боюнча пикир билдирди. Айтымында, декларацияларды айрым маалымат булактары туура эмес пайдаланып жатат. 

"Мамлекеттик кызматта иштегендер жыл бою тапкан кирешелерин декларациялап, өздөрү иштеп жаткан органдын кадрлар бөлүмүнө тапшырышат. Ал жерде бардыгы толукталып, жыйналган соң гана Мамлекеттик кадр кызматына жиберилет. Бирок ошол көрсөткүчтөргө таянуу менен анализ жүргүзгөн айрым маалымат каражаттары саясий фигуралардын кимиси бай да, кимиси жарды экенин электен өткөрүп жаткандыгы туура эмес",- дейт депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан