Кыргызстанда учурда 18 миңдей мамлекеттик кызматкер бар. Маалыматты бүгүн, 10-майда "Парламент" радиосундагы маегинде депутат Айнуру Алтыбаева билдирди. Депутат даярдалып жаткан "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзам долбоору тууралуу кеңири сөз кылды.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпысынан 18 миңге жакын мамлекеттик кызматкер бар. Укук коргоо органдарында иштегендер өзүнчө мыйзамдарга таянса, дипломатиялык кызматкерлер үчүн да өзүнчө мыйзам кабыл алынган. Атайын андай түзүлүштөгү ведомстволордон башка кызматтардын баары бириктирилип, жарандык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тууралуу мыйзамдын алкагында иштешмекчи. Бул жерде болгону мамлекеттик кызмат деген жалпы түшүнүктүн категорияларга бөлүнүш ирети такталууда",- дейт Алтыбаева.