АКШ Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк Бишкекке келет

17-январда АКШ Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк Бишкекке келет. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Роберт Блейк баш калаада эки күндүк иш сапары менен болуп, президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, 1-вице-премьер Жоомарт Оторбаев менен жолугат. Кыргыз-америкалык кеңешменин экинчи отурумунда саясий, экономикалык кызматташтык, коопсуздук, демократиялык өнүгүү, билим берүү, маданият багыттары боюнча негизги маселелер талкууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан