Бүгүн, 10-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызмат билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкууга алышты. Ошондой эле 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында Кыргызстан менен Орусия президенттеринин ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун практикалык кадамдарын сүйлөшүштү. Мындан сырткары Ош шаарына жана Ош облусуна жардам берүү маселелерин талкууга алышты.