Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун жашоочусунун үйүнө белгисиз адамдар кирип, тоноп кетишкени боюнча кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кылмыш 2014-жылдын 2-июнунан 3-июнуна караган түнү саат 02:40 чамасында Ала-Бука районунда катталган. Анда Багышев көчөсүнүн №12-үйүнүн тургуну, 1974-жылы туулган
Гуламжон Садыковдун үйүнө
белгисиз адамдар бет кап кийип киришкен. Азиат түспөлүндөгү 4 адам жыгачтар менен сабап, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ооздорун скотч менен чаптап, акча талап кылышкан. Андан соң үйдөгү темир сейфти жана ичинде болгон 245 000
сом акчаны алышып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.
Жабырлануучулар Садыков Г.И.
менен Рустамова Г.И. денелерине ар кандай жаракат алышып, Ала-Бука РИИБине арыз менен кайрылышкан. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү деп Ала-Бука районунун тургундары 20 жаштагы
Парпиев М., 20 жаштагы Парпиев А., 19 жаштагы Стамалиев М., 19 жаштагы Рысбеков Т. кармалышты. Алар баш
коргоо чарасы менен камакка алынып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.