“Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Бишкектин Биринчи Май районунун тургундары менен жолугушуу өткөрүштү

Бишкекте кечээ, 10-июнда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, ЖКнын депутаты Бактыбек Калмаматов Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун тургундары менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Ө.Текебаев аталган райондун тургундарын “2012-жылдын 3-августуна чейин өз алдынча жеке турак жай курулган жер тилкелерин легалдаштыруу жөнүндө” мыйзам долбоору менен тааныштырды.

Ошондой эле жолугушуу учурунда, мыйзам долбооруна ылайык, Бишкек жана Ош шаарларында өз алдынча жеке турак жай курулган жер тилкелери легалдаштырылып, айрым дачалардын чек арасы аныкталып, шаарга же жакынкы райондорго кошулары айтылды.  

“Бирок жергиликтүү бийлик тарабынан коррупциялык схеманын пайда болуу коркунучу бар. Ошон үчүн жерлерди легалдаштыруу боюнча комиссияга жергиликтүү тургундар, коомдук уюмдун өкүлдөрү да катышуусу керек”,- деди Өмүрбек Текебаев.  

Жолугушууга келген жергиликтүү тургундар аталган мыйзамдын керектигин айтып, азыркы күндө Бишкектин тегерегиндеги турак жайлардын макамы аныкталбагандыктан улам шайлоого катыша алышпастыгын жана билим берүү, медицина кызматын алуу мүмкүнчүлүгү чектелип келатканын баса белгилешти. Ал эми жолугушууга келген ЖКнын депутаттары жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берип, аталган мыйзам долбоору тиешелүү маселелерди чечүүгө багытталганын маалымдашты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан