Быйылкы ажылык сапарга баруучулардын саны арбын. Ошто каалоочулардан бир орунга 4 адам туура келсе, Жалал-Абадда жана Баткенде бир орунга 3 адам туура келет. Ал эми Чүй облусунда бир орунга 2 адам болууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда муфтияттын ажылык-умра бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, чүчү кулак ыкмасы кийин "коррупциялык схемалар болду" деген кеп чыкпоо үчүн жасалган кадамдардын бири.
2014-жылдагы ажылык сапарга баруучулар ортосунда өткөрүлө турган чүчү кулактын региондор боюнча графиги:
Чүй облусу
14.06.2014 – Токмок шаары
15.06.2014 – Кант шаары, Ысык-Ата району
16.06.2014 – Москва району
17.06.2014 – Сокулук району
18.06.2014 – Жайыл жана Панфилов райондору
19.06.2014-23.06.2014 – Баткен облусу:
20.06.2014 – Исфана шаары (Лейлек району, Сүлүктү)
21.06.2014 – Баткен шаары (Баткен району)
22.06.2014 – Кадамжай району
23.06.2014 – Кызыл-Кыя шаары
24.06.2014-28.06.2014 – Ош облусу:
24.06.2014 – Ноокат району
25.06.2014 – Кара-Суу району
26.06.2014 – Араван району
27.06.2014 – Өзгөн, Кара-Кулжа району
28.06.2014 – Алай (Гүлчө), Чоң-Алай району
29.06.2014-30.06.2014 – Ош шаары:
29.06.2014 – Ош шаары
30.06.2014 – Ош шаары
01.07.2014-05.07.2014 – Жалал-Абад облусу:
02.07.2014 – Сузак району
03.07.2014 – Базар-Коргон району
04.07.2014 – Ноокен району
05.07.2014 – Ала-Бука району