Казарман айылында былтыр сууга агып кеткен 4 адамды издөө иштери жандандырылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-июнда билдирди.
Маалым болгондой, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 2-июлда саат 18:00 чамасында Казарман айылын кесип өтүүчү Нарын дарыясында балык кармап жүрүшкөн 5 адам сууга агып кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, 1 адам тирүү калып, туугандарына кабар берген. Саат 21:00 чамасында сууга агып кеткен жарандардын туугандары тарабынан 30 адам издөө иштерин жүргүзүшүп, бирок жыйынтык болгон эмес.
2014-жылдын 10-июнунда издөө иштерин кайрадан жандандырууга КРнын ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 8 куткаруучу тартылды. Бирок Нарын дарыясында суунун агымы секундасына 450-500 метр куб болгондуктан жана сууга түшүп издөөгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан, издөө иштери жүргүзүлгөн жок.
Маалыматтарга караганда, издөө иштери улантылат.