Кыргызстандагы жаш активисттер жакында өлкөнүн аймактарында элди жыйнап митинг өткөрүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Ош шаардык кеңешинин депутаты Шайлообек Атазов SUPER.KG. порталына билдирди. Айтымында, активисттер алгач Баткен облусунда чек ара маселесин көтөрүшөт.
“Биз 9-июнда Ак үйдүн алдында Ошто газдын жок болуп жатканына байланыштуу “Тезекпром” акциясын өткөрүүгө аракет кылдык. Бирок бийлик буга бут тосту. Эми ушул ай ичи аймактарда эл менен кезигип, ар бир региондун маселесин көтөрүп чыгабыз. Алгач Баткенден чек ара маселесин көтөрөбүз. Облус борборлорунда тынчтык митингдерин өткөрөбүз”,- дейт Атазов.
Атазов жаш активисттер нааразычылык иретинде Ак үйдүн короосуна чокой иле турганын кошумчалады.