Кыргызстанда кооптуу жерлерде жайгашкан 112 миң 115 турак үй бар

Жаңы жылдан тарта Кыргызстанда курулуш жүргүзүүгө уруксат берилбеген кооптуу жерлерге турак жай  куруп  алган жарандарга айлык акысынын өлчөмүнө жараша салык салынат. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Буга кошумча министр өлкө боюнча 14 коркунучтуу аймак бар экенин жана ал жерлерге үй куруу, жашоо мүмкүн эмес экенин белгиледи. Мындан сырткары республика боюнча 12 115 үй-бүлө кооптуу аймактарда жашай турганын айтып, аларды башка жерлерге көчүрүү керектигин билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан