Орусияда “Жол-кайгуул кызматынын инспекторуна 4 миң рубль пара берүүгө аракет кылды” деп кыргызстандыкка 120 миң рубль айып салынды

Орусиянын Курильск райондук сотунун өкүмү менен Кыргызстандын жараны Жол-кайгуул кызматынын инспекторуна пара берүүгө аракет кылуу боюнча күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Орусиянын прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2014-жылдын апрель айында жаран жолдун каршы тарабына чыгып кетип, Жол-кайгуул кызматы тарабынан токтотулган. Кызматтык унаада ал 4 миң рубль пара берүүгө аракет кылганда, инспектор бул аракетке каршы чыккан.

Кыргызстандык жаран 4 балалуу, буга чейин соттолгондугу жок болгондуктан жана күнөөсүн моюнуна алгандыктан, сот ага 120 миң рубль айып пул төлөөгө өкүм чыгарды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kg.555
2014-06-11 11:29:23
азыраак берип алган экен да,орустардын алкымы чоон болот!
+1
burma92
2014-06-11 11:41:47
Бербей эле штрафын алып кетте берсе болмок.
+3
RNA78
2014-06-11 11:44:26
Результат керек болуп калган го...
+2
samar55
2014-06-11 11:58:05
Результат керек болгондо жана званияга иштегенде гаилерин канча сунуштасан да макул болушпайт.Мен озум буга кубомун .Иркутск областынан мени тосуп праваны 1.5 жылга алып коюшкан ...жанымда 13500 рубль бар эле такыр эле суйлошпой койгон.Ошол гаишник 1 жумадан кийин эле улук лейтенант болуп калды корсо результатка иштеп жургон кези экен.Ал эми жол эрежеси боюнча каршы багытка чыгып кетсен Рфда праваны 4айдан 6 айга чейин алып коюшат тагыраагы айдоочулук мумкунчулуктон ажырайсын.
+1
samar55
2014-06-11 12:02:17
Дагы бир камазист таанышым ичип кармалып 70000 ге макул болбой коюшканын айткан ...Сибирде камазистер зимникте 1000000доп табаарын билишет да .
+1
Sarabanda
2014-06-11 14:27:48
Россия Кыргызстан эместа.
0
aikol87
2014-06-11 14:41:56
4баласы болсо кыйын болуптур. Биздикилер болгондо сразу чонтокко салмак 4минди.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан