Кыргызстандык жаш талант, 13 жаштагы
Ниязбек уулу Тилек 5-июнда Түркияда өткөн балдардын эл аралык музыкалык сынагында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Тилектин бир тууган эжеси, кыл кыякчы
Залина Касымова билдирди.
Маалымдалгандай, бул сынак Түркиянын Стамбул шаарында өткөн. Ага 37 мамлекеттин жаш таланттары катышкан. Кыргызстандын намысын коргоо үчүн барган Тилек бул сынакта Ж.Шералиевдин "Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындап" деген ырын аткарган. Жыйынтыгында калыстар тобунун купулуна толгон Тилек 10 финалисттин бири деп табылып, алтын медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланган.
Белгилей кетсек, Ниязбек уулу Тилек борборубуздагы №73-мектептин окуучусу. Мындан сырткары ал Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте комуздан сабак алат. Ошондой эле ал белгилүү ырчыларды тарбиялап келген Улукмырза Полотовдон бир жылдан бери вокалдан сабак алып келет.
Ниязбек уулу Тилек буга чейин да бир катар сынактарга катышкан. Ал апрель-май айларында өткөн К.Жекшенов атындагы жаш комузчулардын жана "Жаш кербез-2014" сынактарынын лауреаты.