Жогорку Кеңештин 11-июндагы жыйынында акыйкатчы жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралууда. Жыйында депутат Наталья Никитенко баяндама жасады. Суроо-жооп болбогондуктан, мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Долбоорго бүгүн түштөн кийин добуш берилет.
Айта кетсек, сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, акыйкатчылык кызматка парламенттеги фракциялар 3төн ашык талапкер көрсөтө албайт. Акыйкатчы шайлоодо бир депутат бир гана талапкерге добуш бере алат. Ошондой эле акыйкатчыны шайлоо процесси башталгандан кийин добуш берүү күнү башка күнгө жылдырылбайт.