Ошко 2 айдан бери газ берилбей жатышы боюнча өкмөт бүгүн депутаттарга маалымат берет

Ош шаарына 2 айдан бери газ берилбей жатышы боюнча өкмөт бүгүн депутаттарга маалымат берет. Жогорку Кеңештин 11-июндагы жыйынында депутаттар бул кырдаалга күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышууда. Ташполот Балтабаев: “Өлкөнүн экинчи борборунун 2 айдан бери газсыз отурушу эмне дегендик? Бардак болуп кетти го? 300 миң адамдын көйгөйүн тез арада карашыбыз керек. Тийиштүү адамдарды жоопко тартууга депутаттар жоопкерчиликти алышыбыз керек”,- деп билдирди.

Өмүрбек Текебаев “Кыргыз газдын” мурунку жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону сунуш кылды.

Маселе бүгүн түштөн кийин каралат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан