Парламент: Бөдөш Мамырова Алайда жол тоскондордун маселесин кайрадан көтөрүүдө

Парламент депутаты Бөдөш Мамырова Алайда жол бууп тургандардын маселесин ЖКнын 11-июндагы жыйынында кароону сунуштоодо. Айтымында, депутат кечээ Ош облусунан келген тургундар тобу менен жолугушту. “Муну тезирээк карабасак, иш оор жагына ооп кетчүдөй болуп турат. Маселе өткөн аптада эле көтөрүлүп, бирок каралбай калган, бүгүн карап коёлу”,- дейт Мамырова.

Өмүрбек Текебаев бул маселени парламентте ачык талкуулоого зарылчылык жок экенин айтып, “Ар бир фракциядан бирден активдүү депутат тандап алып Алайга жиберсеңиз жакшы болмок. Ошондон кийин бир чечимге келсек” деген сунуш айтты Мамыровага.

Бул маселе боюнча бүгүн түштөн кийин вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жыйында маалымат берет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан