Депутаттар Судьяларды тандоо кеңешине байланышкан мыйзам долбоорунун айрым пункттарына каршы чыгышты

Жогорку Кеңештин 11-июндагы жыйынында Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралууда. Маселе боюнча депутат Наталья Никитенко (тармактык комитеттин төрайымы) баяндама жасап, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө. 

Демилгечилер буга чейин КРнын Конституциясында судьялар парламент тарабынан шайланары айтылып, бирок аларды кайра чакыртып алуу нормасы камтылбай калганын айтышкан. Судьянын кылмыш жоопкерчилиги келип чыкканда, анын талапкерлигин көрсөткөн фракцияга судьяны кайра чакыртып алуу укугу берилгени жатат. Жыйында депутат Бөдөш Мамырова буларды айтты: "Мында "Судьяларды тандоо кеңишинин мүчөсү кынтыксыз жүрүм-турумга ээ болушу керек" деп турат. Иштен айдалгандар мүчө боло алышпайт экен. Кызматкердин иштен мыйзамдуу же мыйзамсыз айдалганын ким иликтейт? Балким, ал күчтүү юрист, адвокат же судья болушу мүмкүн".

Мыйзам долбоору экинчи окууда талкууланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан