Баткен облусунун тургундары Лейлек жана Баткен райондоруна өзгөчө статус берүү боюнча талабын айтышты

“Өкмөт Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондоруна административдик статус берсин” деген талабын жарыялаганын бүгүн, 11-июнда маалымат жыйынында аталган облустун Ак-Сай айылынын тургуну Зайнидин Думанаев билдирди.

Анын айтымында, бул сунушту өз убагында парламент депутаты Назарали Арипов билдирген. “Учурда Баткен облусунун аталган райондорундагы бийлиги алсыз. Лейлек жана Баткен райондору административдик статус алган соң түз каржылоо түшө баштайт. Мындан тышкары күч түзүмдөрү күчөтүлөт. Эгер эртең кыргыз-тажик чек арасында тополоң болуп кетсе, өкмөт жооптуу болот”,- деди Думанаев.

Мындан тышкары ал Баткен облусунун жергиликтүү бийлигин алмаштырууну талап кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан