Баткен облусунун тургуну: “Кыргыз-тажик чек арасындагы тополоңдор Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушунун негизинде болууда”

“Кыргыз-тажик чек арасындагы тополоңдор Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун курулушунун негизинде болууда”,- деди бүгүн, 11-июнда маалымат жыйынында аталган облустун тургуну Бүбүайша Курбанова.

“Учурда аталган жолдун 4 чакырымы гана бүткөн. Ал эми жалпы узундугу болжол менен 50-60 чакырымга барабар. Курулушту улантууга эки тараптуу протокол түзүлгөн. Бирок буга карабастан, иш токтоп турат. Анткени КРнын Транспорт министрлиги 15-июнга чейин курулушту токтотуу боюнча токтом чыгарган. Муну аталган мекеме “16-июнда Тажикстандын вице-премьер-министринин келиши күтүлөт. Мындан тышкары жергиликтүү тургундардын коопсуздугуна кепилдик бере албайбыз” деп түшүндүргөн. Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун курулушун токтотуп, улантпай жаткандыгы биздин бийликтин алсыздыгынын белгиси”,- деди Курбанова.

Анын айтымында, 2014-жылдын май айында Баткен облусунда болгон окуя боюнча тажик тарабы күнөөнү өз моюнуна албай жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zezim2000
2014-06-11 11:58:52
окмот эмне иш кылып жатат белгисиз элге чек ара маселесин чечип бере алышпаганы окмоттун алсыздыгында болуп жатканы баарына маалым.
0
doni89
2014-06-11 15:20:56
Чек арадагы жашагандардын коопсуздугуна кепилдик бере албайбыз дептир окмот уят кичинекей айылды коргой албаса мамлекет эмне дештида билбейм бийликтегилер бир ащ ойлонсо боло(
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан