Парламентте бүгүн, 11-июнда Кыргызстандын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралууда. Маселе 26-майда тармактык комитетте каралып, 2-окууда колдоо тапкан. Демилгечилердин айтымында, мыйзамдын максаты - чектеш мамлекеттер, уюмдар, жеке жактар тарабынан Кыргызстандын аймагындагы жерлерди мыйзамсыз ыйгарып алуусун же пайдалануусун, же колдонуусун токтотуу, өлкөнүн айрым чек ара жанындагы аймактарын бекемдөө, Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыздоо. Чек ара аймагында жашагандардын үй-мүлкүн коңшу өлкөнүн жарандарына сатуусуна тыюу салынмакчы.