Ошто шаардагы жылытуучу буу казандарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн керектүү курулуш материалдарын сатып алууга тендер өткөрүлдү

10-июнда Ош шаардык «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасы кышкы сезонго карата шаардагы жылытуучу буу казандарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн керектүү курулуш материалдарын сатып алууга тендер жарыялап, ага 6 миллион сомго жакын каражат багытталганы айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ал 5 лот боюнча өтүп, жалпы 9 жеке ишкер катышты.

Ал эми тендердик комиссиянын төрайымы, ишкананын өндүрүштүк бөлүмүнүн башчысы Адамгүл Чынгышованын айтымында, жыйынтык 3 күндүн ичинде чыгып, жеңүүчүлөр аныкталат. Эч кандай мыйзам бузуучулук аракеттерге жол берилбейт.

Эскерте кетсек, аталган ишкананын балансында жалпы 58 буу казан бар. Алардын 38у көмүр менен, 20сы электр энергиясы менен жылытылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан