Ошто Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик күнүнө карата тегерек стол өттү

10-июнда Ош технологиялык университетинде Мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик күнүнө карата «Мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү системинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ролу» аталышында тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Ага КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүгүнөн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, «Абад» коомдук фондунун, Түштүк Кыргызстандагы райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери, райондук жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынынын төрагалары жана депутаттары, айыл өкмөт башчылары катышты.

Анда бүгүнкү күндөгү мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткан кадрлардын кызматтык жоопкерчилиги, кадрлардын мамлекеттик кызматка болгон суроо-талабы жана мамлекеттик кызмат ордуларынын аброюн жогорулатуу менен биргеликте кошумча жумуш ордуларын ачуу тууралуу маселелер талкууланды.  

Талкуунун жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, кабыл алынган резолюция КРнын Жогорку Кеңешине, өкмөткө жана Мамлекеттик кадр кызматына сунушталмак болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан