“Жер-Үй” алтын кени боюнча долбоор 2 миңдей кишини иш менен камсыз кылып, Талас облусунун бюджетин эки эсе көбөйтөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Экономика министрлигинин Жаратылыш ресурстары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Алимбеков билдирди. Айтымында, аталган кенди сатууда өкмөт ачыктыкты жана тазалыкты көзөмөлгө алат. “Сөзсүз түрдө мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынат. Жаңы мыйзамда биз жергиликтүү калк үчүн жеңилдиктер каралуусу боюнча өзгөртүү киргиздик. Кенди сатып алган компания алтынды Кыргызстанда иштетет”,- деди Алимбеков. Айта кетсек, өкмөт "Жер-Үй" алтын кенин сынак аркылуу сатыкка коюп, баштапкы баасы 100 миң доллар деп белгилөө тууралуу чечим кабыл алган.