КРнын Акыйкатчы институтунун чакыруусу менен Бишкекке Санкт-Петербургдагы “Стратегия” гуманитардык жана саясат таануучулук борборунун президенти, Европа Кеңешинин жана Еврокомиссиянын эксперти Александр Сунгуров келди. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, белгилүү эксперт жана укук коргоочу КРнын Акыйкатчы институтунун ишмердигинин натыйжалуулугун арттырууга көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда КРнын Акыйкатчысы Бакыт Аманбаев менен жолугушуу учурунда сөз болду.
“Кыргызстандын Акыйкатчы институту бүгүн сапаттуу кайра түзүүлөрдүн баскычында турат. Ошондуктан биз өлкөнүн калкынын жарандык укуктарын коргоо ишинде Акыйкатчы институтунун позициясын чыңдоо үчүн натыйжалуу каражаттарды иштеп чыгабыз. Ошондой эле жарандардын укук жана эркиндиктеринин бузулуу фактылары, кайрылуулары боюнча иш алып баруудабыз. Бул тажрыйбаны акыйкатчы аппаратынын борбордук кеңсесинин кызматкерлеринин жана аймактык өкүлчүлүктөрүнүн ишинде колдонууну ишке ашыруубуз зарыл”,- деп белгиледи эл аралык эксперт А.Сунгуров.