Айрым депутаттар Баткендин айрым аймактарына өзгөчө статус берүү менен жарандардын укугу бузуларын айтышууда

Кыргызстандын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жөнүндө мыйзам долбооруна депутат Абдимуталип Кочкорбаев каршы. Муну депутат парламенттин 11-июндагы жыйынында айтып чыкты. Бул мыйзам менен жарандардын Конституциялык укуктары бузуларын айтат. “Чек ара аймактарында жашаган тургундарды “мүлкүңдү буга сатасың, тигиге сатпайсың” деп чектегенибиз туура эмес. Эгер Баткендин жаранынын үйүн кыргызстандык жаран 100 миң сомго, ал эми Тажикстандын жараны 500 миң сомго алам деп сунуштап калса эмне болот? Конституцияда жазылуу, ар ким мүлкүн каалаган кишисине сатат”,- дейт депутат.

Юстиция министрлигинин өкүлү жарандардын укугу эч кандай чектелбей турганын билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан