Парламентте бүгүн, 11-июнда Кыргызстандын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү маселеси каралууда. Депутат Улукбек Кочкоров Баткендин чек арага жакын жашаган тургундарынын үй-мүлкү документтештирилбей эле Тажикстандын жарандарына сатылып кеткенин айтып чыкты.
“Баткенге барып паспорттук текшерүү кылсаңар, коңшу өлкөнүн жарандары биздин өлкөдөн сатып алган жерлеринин Кызыл китебин көтөрүп чыгышат. Жарандар өз мүлкүн каалаган кишисине сатууга укуктуу. Тажикстан өз жарандарына “чек ара аймагынан жер сатып алсаң колдойбуз” деп 20 жылга ссудаларды берүүдө. Биз болсо мектеп куруп бербейбиз, суу чыгарып бербейбиз, айтор, ишибиз жок. Анан аларды кул катары көрүп “үйүңдү сатпай ошол жерде жашашың керек” дегенибиз туура эмес”,- дейт Кочкоров.
Айта кетсек, мыйзам долбоору менен чек ара аймагында жашаган жарандардын үй-мүлкүн чет өлкөлүк жарандарга сатуусуна тыюу салынганы жатат.