Бактыгүл Ниязалиева, адис: “Кыргызстанда балдардын кара жумушка тартылышы боюнча маселе түштүктө курч болууда”

“Кыргызстандын түштүк аймагында балдардын кара жумушка тартылышы боюнча маселе курч бойдон турат”,- деп айтты бүгүн, 11-июнда Балдар эмгеги менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган маалымат жыйынында “Балдарды коргоо боюнча альянс” коомдук уюмунун башчысы Бактыгүл Ниязалиева.

Анын айтымында, республикада жашы жете элек балдар айыл чарба, өнөр жай, тейлөө тармактарында эмгектенишүүдө. “Балдар убактысынын басымдуу бөлүгүн окууга эмес, ишке бөлгөндүктөн, аларга психикалык жана физикалык жактан зыян тийүүдө”,- деди адис.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан