Бүгүн, 11-июнда Бишкекте Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Орусия бийлигин колдогон 60тай киши митингге чыкты. Акциянын катышуучуларын милиция кызматкерлери көзөмөлгө алууда. Митинг тынч маанайда өтүп жатат. Чогулгандар колдоруна “АКШ, Украинадан колуңду тарт!”, “Одесса, биз силер менен!” деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушат.