Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушу белгиленген план боюнча жүрүүдө

Ош шаарында курулушу кайрадан 28-майда башталган эстакадалык көпүрөнүн курулушу белгиленген план боюнча өз нугунда жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, учурда жер алдындагы коммуникацияларды, суу жана канализация түтүктөрүн башка жерге которуу жумуштары жүрүп жатат. Ошону менен катар 100 метрге жакын траншея казылган. "Телефон түйүнү" ишканасынын, "Суу чарба" ишканасынын, "Электр тармактары" ишканасынын адистери иш алып баруучу компания менен биргеликте иштешүүдө. Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан көпүрө курулушуна тоскоолдук жараткан соода түйүндөрү алынды.

Ош шаардык жолдор башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Равшанбек Дарыбековдун айтымында, көпүрө курулуучу жерде шаардын негизги суу, канализация, телефон, электр түйүндөрү өткөндүктөн, абдан этияттап иштөө талап кылынат. Мындан сырткары курулуш аймагында жөнөкөй жарандардын жүрүүсү да толук кандуу иштөөгө тоскоолдук жаратып жатканын белгиледи.

Ошондой эле Ош шаардык жолдор башкармалыгы жарандардын коопсуздугу үчүн курулуш жүрүп жаткан көпүрө аймагына кирбөөнү шаардыктардан жана меймандардан суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
acer11
2014-06-11 13:16:48
Акчаны уномдоп кыскарган копуро кымбатка бутмой болду.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан