Парламент депутаттары чек ара аймактарында жашагандар үйлөрүн сатууга муктаж болсо, аны өкмөт сатып алышы керектигин айтышууда. “Жарандардын укугу түздөн-түз бузулууда. Чек ара аймагында жашагандар үй-мүлкүн сатууга мажбур болсо, бирок кардар чыкпай калса эмне кылышат? Алардын үйлөрүн өкмөт сатып алышы керек”,- деди вице-спикер Асия Сасыкбаева. Мындай сунушту башка депутаттар да колдоого алышты.
Айта кетсек, парламентте бүгүн,11-июнда Кыргызстандын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү маселеси каралууда. Сунушталган мыйзам долбоору аркылуу чек ара аймагында жашаган жарандардын үй-мүлкүн чет өлкөлүк жарандарга сатуусуна тыюу салынганы жатат.
Демилгечилер бул аракет мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калуу үчүн жасалып жатканын айтышты.