Ош шаарында өткөн суткада 20 кылмыш катталган. Алардын ичинен изи сууй электе 18 кылмыштын бети ачылды. Июнь окуясынын 4 жылдыгын белгилөө убагында улуттар аралык жаңжал чыгаруучу кандайдыр бир кылмыш иштери же окуялар катталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Катталган кылмыш иштеринин ичинен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча - 3, адам өлтүрүүгө аракет кылуу - 1, уурдоо - 1, мүрт өлүм - 3, уулануу - 2, денесинен жеңил жаракат алуу боюнча - 7, жол кырсыгы - 1, ал эми кырсык - 1.