“Мен сунуштаган мыйзам “Кумтөрдүн” ишин токтотом” деп коркуткандарды түрмөгө отургузууга жол ачат”,- деп билдирди депутат Өмүрбек Текебаев парламенттин 11-июндагы жыйынында. Жыйында “Кумтөрдүн” ишин токтоткон жетекчилерди 15 жылга чейин камоо демилгеси каралууда.
“Центерра” бүгүн "эгер мөңгүлөрдү бузууга уруксат бербесеңер, ишкананы токтотобуз" деп коркутуп, шантаж кылып жатат. Буга жол берилбеши керек, бизге миллиондогон сомдук зыян алып келе турган иштерге уруксат бербешибиз зарыл. Ишкананы токтотом дегендерге “ассалоом алейкум” деп түрмөгө отургузушубуз керек”,- деди Текебаев.