Мамлекеттик архивдерден маанилүү документтердин түп нускасын алууга тыюу салуу сунушталууда

Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. 

Мыйзам долбоорунун негиздемесине караганда, учурда архивдик документтерди мамлекеттик архивдерден алууда жана аларды мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын архивдик фонддорунда сакталган документтерди алууда органдар тарабынан жоготуу абдан көйгөйлүү маселелерди жаратып жаткандыгы айтылган.

Тумановдун айтымында, долбоор аркылуу Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекси менен Жазык-процесстик кодексинин тиешелүү беренелерин тиешелүү жоболор менен толуктоо каралган. Ага ылайык, иш үчүн маанилүү болгон документтердин түп нускасын мамлекеттик архивдерден чыгарып алууга тыюу салынат. Мындай жагдайда ишке тиркөө үчүн түп нусканын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан