Жалал-Абад - Казарман унаа жолунун учурдагы абалы менен өкмөтүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Ага №6-өндүрүштүк линиялык автожол башкармалыгынын башчысы Асылбек Орозбаев, Жалал-Абад облустук прокурору Кылычбек Токтогуловдор барышты.
Маалым болгондой, деңиз деңгээлинен 3080 метр бийиктикте жайгашкан Сары-Кыр ашуусун ушул жолду тейлеген ДЭП-31 ишканасынын жолчулары тазалашып, оңдоп-түзөөдөн чыгарышты. Ал эми жаз айынын кечеңдешинен улам жолчулар жолду тазалап ремонттоону 28-апрелден башташты. Азыркы күндө жолду тазалап ачуу жумуштарына 500 миң сом акча каражаты сарпталгандыгын №6-өндүрүштүк линиялык автожол башкармалыгынын башчысы Асылбек Орозбаев билдирди.
Жолдун учурдагы абалы менен таанышкан Жусупжан Жээнбеков кемчиликтерди белгилеп, аны тез арада четтетүү тапшырмасын берди.
Азыркы мезгилде Жалал-Абад – Казарман жолунун 98 чакырымын тейлеген ДЭП-31дин 37 жолчусу менен 10 техникалык каражат иштеп жатышат. Сары-Кыр ашуусунун ачылышы менен Тогуз-Торо районунун борбору болгон Казарман айылында тамак-аш азык-түлүктөрүнүн баалары кескин түрдө арзандагандыгын Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисов билдирди. Ошентип, азыркы күндө Жалал-Абад - Казарман автожолу толук ачылып, малчылар жайлоолорго көчүшүп, карапайым элдин Жалал-Абад шаары менен Казарман айылына каттоосу ордуна келди.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад - Казарман жолунун жалпы узундугу 190 км түзүп, анын 18 чакырымын Сары-Кыр ашуусу түзөт. Кыш оор болгондуктан, аталган жол каттамы жылына 3-4 ай гана ачык болот. Кеч күздө жабылып, жай мезгилинде ачылат.