Ош шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан ишканалар аныкталды

Ош шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан ишканалар аныкталды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-июнда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Ош шаарындагы мурунку ХБК ишканасынын аймагында 2012-жылдан бери “Шун Ди Ли” арматура чыгаруучу ишканасы Мамлекеттик курулуш инспекциясынын жана башка тийиштүү мекемелердин уруксаты жок иштеп жаткандыгы аныкталган.  

Аталган факт боюнча Шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын райондор аралык башкармалыгынын мыйзамсыз иш-аракеттери иликтенип жаткандыгы белгилүү болду. 

Ошондой эле аталган фактыны иликтөөгө алууда жогоруда айтылган аймакта дагы эки ишкана эч кандай уруксатсыз эле иштеп жаткандыгы аныкталды.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан