Мурда соттолгон жаран баңгизатын мыйзамсыз сактаганы үчүн камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, милиция бөлүмүнө белгисиз адам Бишкектин Ленин районунда баңгизаттарын таркатуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Жумушчулар шаарчасындагы үйлөрдүн биринде издөө иштери жүргүзүлүп, ал жактан 185,5 грамм гашиш табылып, Юрий аттуу үйдүн ээси камакка алынды. Иликтөөлөрдө аталган жарандын мурда соттолгондугу аныкталды.