"Кумтөрдүн" ишин токтоткондорду жазага тартуу боюнча мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди

Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев сунуштаган “Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунда өздөрүнүн аракеттери же аракетсиздиктери менен "Кумтөрдө" өндүрүштү үзгүлтүккө учураткан жетекчилерди жана башка кызматкерлерди 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жагы каралууда.

Өндүрүштү үзгүлтүккө учуратканы же токтоткондугу ишкананын администрациясынын өндүрүштү токтотууга, туруктуу көзөмөлдү жана кайтарууну талап кылган объекттерди (жарылгыч заттарды, химикаттарды, өндүрүштүн калдыктарын) кароосуз калтырууга атайылап жасаган аракеттеринин алдын алуу каралган.

Депутаттардын такуусунан соң сунушталган мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан